Жүктөлүүдө
TR EN KR RU

AGROEURASIA жана ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР CONFERENCE


 Урматтуу айыл чарба жана табигый илимдер багытындагы досторубуз,

 

     «Евразия айыл чарба жана табигый илимдер конгреси» айыл чарба жана табигый илимдеринин ортосундагы кызматташтыкты жана алардын жетишкендиктерин бирге чогулуп талкулоого алып чыгууну каалаган конгресс. Дүйнөдөгү, Түркия жана Кыргызстандагы айыл чарбанын бардык тармактарындагы эң алдынкы жана жаңы иштеп чыгууларды, ойлоп табууларды жана жаңы технологияларды талкулоого алып чыгуу менен, пикир жана информация алмашууну камсыздаган чөйрө болууну максат кылат. Айыл чарба, тамак-аш, айлана чөйрө жана табыгый илимдердин проблемалары бул конргесстин башкы темалары болуу менен бирге, өндүрүүчүлөрдөн тартып, пайданалуучуларга чейинки катышуучулардын болушун каалайбыз.

 

    Дыйканчылык адамзат жаралагандан баштап, азыркы күнгө адамдын калыптануусунда чоң ролду ойноду. Адам коомдору өзүнүн өнүгүү тарыхында түшүмдүү жана бай айдоо жерлерине ээ болууга жетүү үчүн атаандашып келет. Дүйнөдөгү калктын санынын көбөйүүсү менен бирге айыл чарба жерлери кеңейтилип, продукция өндүрүү өсүүдө. Азыркы учурда айыл чарба өндүрүшү технологиялык бир тармак абалына келди. Келерки муундарды тамак аш менен камсыздоо бүгүнкү айыл чарба өндүрүш тармактары менен ишке ашырылат. Мында айыл чарба технологияларын колдонулуунун маанилүүгү жогорулоодо. Климаттын өзгөрүүсүнө түрткү болгон маселелерди эске алып, бул маселеге кылдаттык жана сезгичтик менен мамиле кылуубуз керек.

 

    Колубуздагы болгон булактарды эффективдүү пайдалануу окумуштуулардын негизги изилдөө тармагы болгон жана боло берет. Өз колубуз менен кирдеткен айлана-чөйрөбүз, дем алып жаткан уулуу абабыз жана дарыланган тамак-ашыбыз да адамзаттын жашоосу үчүн коркунуч туудурууда. Бул коркунучтарды токтотуу жана алдын алуу биринчи кезекте окумуштуулардын мойнуна түшкөн иш. Муну акыл-эсибиз менен таанып билген адам катары бул маселелерди бирге чечүү жолдорун издөөдөбүз. Климаттын алмашуусу менен дүйнөдөгү өсүмдүктөрдүн үлгүлөрү жана өсүү чөйрөлөрү өзгөрүүдө, алардын генетикалык булактары туруктуу жана күн өткөн сайын азайууга учурап, жер бетинен жоголуп кетүүдө.

    Бардык окумуштууларды жана жалпы кызыккандарды айыл чарба, тамак-аш, мал чарбачылыгы жана экологиялык илимдердин айланасында, алардын азыркы абалын жана келечек саясатын, аларды чечүү жолдорун талкулоого уюштуруу комитеттин атынан сыймыктануу менен чакырабыз. Конгрессибиз кенен масштабда таасирдүү болуусу үчүн дүйнөнүн 19 өлкөсүнөн урматтуу илимпоздор билим комитетинде алуусу менен өзгөчөлөнөт. Ошондуктан, Кыргызстан жана Түркиядагы үч университеттин колдоосу менен Орто Азиядагы эң кооз өлкө Кыргызстандын борбору Бишкекте 2017-жылдын 19-23-сентябрда өтө турган «Евразия Айыл чарба жана табигый илимдер конгрессинде» сиздер менен жолугушууга терең үмүттөнөбүз. Терең урматтоо менен,

Конгрессти уюштуруу комитети

Tüm Hakları Saklıdır. © 2017